Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров Серафимовка стационардык мекеменин жашоочуларынан кабар алды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 423 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 8-майда, Төмөнкү-Серафимовка социалдык-стационардык мекемесинин жашоочуларын 9-май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Кочкоров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жылдан-жылга азайып бара жатканын айтып, согуш талаасында өз өмүрүн кыйган баатырлардын эмгегин белгиледи.

«Биз ар дайым кан майдандан кайтпай калгандардын элесин эскерип, эркин өлкөдө жашаганыбыз үчүн аларга башыбызды ийип, таазим этебиз! Урматтуу, апалар, аталар, сиздердин сапаттуу социалдык кызматтарды алууңуздар, жашоо-шартыңыздарды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!» — деди Улукбек Кочкоров.

Майрам социалдык стационардык мекеменин жашоочуларынын арасында уюштурулган атайын мелдештер, оюн-зооктор менен коштолуп, татыктуу жеңүүчүлөр өз белектерин алышты.

Ошондой эле, Улукбек Кочкоров мекеменин имаратын толугу менен кыдырып, мамлекеттин камкордугуна алынган улгайгандардын, майыптардын жашоо-шарты менен таанышып чыкты. 

Кошумчалай кетсек, Төмөнкү-Серафимовка социалдык-стационардык мекемесинде учурда 316 адам жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM