Биз менен байланышыңыз

УКМК Дамир Мусакеевдин мүлкү боюнча билдирүү жасады

Улуттук коопсуздук комитети өздөрүнө караштуу 9-башкармалыктын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеев тууралуу акыркы убакта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук резонансты жаратып жаткан маалымат боюнча билдирүү жасады.

Тараган маалыматтарда туугандарынын атына катталган Дамир Мусакеевдин кыймылсыз мүлктөрүнүн дареги көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жогоруда айтылган кыймылсыз мүлктөрдүн көпчүлүгү 2010-2017-жылдары Дамир Мусакеевдин туугандарына катталган. Алардын жалпы наркы 20 млн. сомду түзөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын эсептөөлөрүнүн жыйынтыгында, кыймылсыз мүлктүн баасы Дамир Мусакеевдин 2010-2017-жылдардагы расмий кирешеси жана анын туугандарынын кирешесин кошкондо да жетпей тургандыгы айтылган.

Ишке тиешелүү чогултулган материалдар 7-майда Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесине ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 323-жылдын 2-бөлүгүнүн-беренесинин 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Териштирүү учурунда сот иши калыс болуп, ар тараптуу изилденип, кирешенин бардык жагдайлары каралып, чечим мыйзамдын негизинде кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM