Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 358 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды, ал быйыл 100 жашка чыгат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы согуштун ардагерин 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктап, мындан ары да согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

«Эч ким көңүл буруусуз калбайт. Сиз сыяктуу адамдардын мисалында өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо зарыл. Сиз аркылуу бардык согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, руханий кайраттуулук жана узак өмүр каалайм. Мындан тышкары, эртең улуу майрамды белгилей турган бардык мекендештерибизге ачык асман жана бакубатчылык тилеп кетем!», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылева премьер-министр менен согуш жана андан кийинки жылдар тууралуу баарлашып, көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтты.

Өкмөт башчы ардагер Любовь Костылевага материалдык жардам жана белектерди тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM