Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эл аралык арбитраждык соттогу талаш тууралуу үн катты

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 393 | 0

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү Ысык-Көл облусундагы өзбек тарап менен талашып жаткан пансионат маселеси боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн эл аралык арбитраждык соттогу иш тууралуу билдирүү таратты.

«Бүгүнкү күндө бул иш эл аралык арбитраждык сотто каралууда. Белгилей кетүүчү жагдай, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Буга байланыштуу, Кыргыз Өкмөтү эл аралык арбитраждык сотто утулгандыгы тууралуу маалымат анык эмес болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кошумчалайт.

Эске сала кетсек, буга чейин бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда Кыргыз Өкмөтү Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча Эл аралык арбитраждык сотто өзбек тарапка утулду делген маалымат тараган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM