Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан чет элдик компанияны эл аралык соттон утуп алды

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 567 | 0

Кыргызстан Penwell Business Ltd компаниясын «Мегаком» иши боюнча өткөн эл аралык арбитраждык сотто утуп алды. Бул туралуу Министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдады.

Маалым болгондой, доогердин 298 миллион доллары өлчөмүндөгү кенемте төлөп берүү талабын эл аралык арбитраждык сот толук четке каккан. Буга аталган компаниянын Кыргызстанга инвестиция тартуусунда жергиликтүү өнөктөштөрү менен биргеликте коррупциялык иштерге барганы жүйө келтирилген.

Маалымдасак, доогер Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда өлкө доогердин инвестициясын «БиМоКом» жоопкерчилиги чектелген коомуна (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM