Биз менен байланышыңыз

The Guardian: Кытай бийлиги мусулмандардын мечиттерин жок кылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2019 | 840 | 0

Кытай бийлиги уйгурлар жашаган аймактагы мечиттерди акырындап жок кыла баштады. Бул тууралуу далилдерди англиялык The Guardian жана Bellingcat басылмасынын иликтөөчүлөрү табышкан.

Журналисттик иликтөөдө айтылгандай, Синьцзян-Уйгур автономдуу облусундагы тарыхый мечиттер акыркы жылдары жок кылынууда. Ага ылайык, 2016-2018-жылдар аралыгында 31 мечит жана 2 ыйык деп эсептелген жайларга оор залака келтирилген. Ошондой эле 15 мечит түп-тамыры менен жок кылынган.

Маалым болгондой, Кытай бийлиги акыркы жылдары «бир улут, бир өлкө» ураанынын негизинде өз аймагындагы мусулман калктарга карата кысымын күчөтө баштаган. Айрыкча тарбиялоочу лагерлерди ачып, аны «кесиптик билим берүүчү жана коомго кайра тарбиялоочу жай» деп мыйзамдаштырууга да жетишкен. Алардын бул аракетин АКШ департаменти сындап, дин эркиндиги чектелген уйгур, этникалык казак жана кыргыздардын саны жалпы эки миллионго чукул экенин жарыялаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM