Биз менен байланышыңыз

9-Май улуу Жеңиш майрамы Бишкекте кандай белгиленет?

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 975 | 0

Бишкек шаарында 9-май — Жеңиш күнүнө карата уюштурулуучу иш-чаралар тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бул күндү майрамдоо 4 блокко бөлүнөт:

  1. саат 10:00дө «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышуучулар Масалиев — Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишине чогулат. Аталган көчөдөн башталган жүрүш Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин келип, саат 12:00дө «Жеңиш» аянтында жыйынтыкталат;
  2. «Жеңиш» аянтында саат 10:00дө митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүл коюлат. Ал эми саат 11:00дө Д. Шопоков көчөсүндөгү аянтта концерти уюштурулуп, Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы жана Жеңишке арналган ырлар аткарылат. Ушу эле жерде 2 миңдей адамга аскер боткосу берилет;
  3. Шаардын эс алуу жайларында, гүлбакчаларында, жана калктуу конуштарында маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Учурда мектептерде ачык сааттар, сүрөт көргөзмөлөрү өтүп, окуучулар ардагерлер менен жолугушуп жатышат;
  4. Саат 19:00дөн 22:00гө чейин «Жеңиш” аянтында Орусиянын «Голубые береты» тобу жана Кыргызстандын эстрада ырчылары катышкан майрамдык концерт тартууланып, 6 мүнөттүк фейерверк атуу менен жыйынтыкталат;

Бул күнү «Жеңиш» аянтында 2 тез жардам, 1 өрт өчүрүү унаасы нөөмөткө чыгып, 20 биодаараткана орнотулат. Ал эми коомдук тартипти укук коргоо органдарынын 4 миңден ашык кызматкери камсыздайт. Ошондой эле, «Өлбөс полктун» катышуучуларын тез жардам кызматы коштоп жүрөт.

«Өлбөс полк» жүрүшү учурунда Байтик баатыр көчөсүнүн Масалиев менен Фрунзеге чейинки тилкеси убактылуу жабылат. Ошондуктан, Байтик баатыр, Ю.Абдрахманов көчөлөрү аркылуу каттаган коомдук унаалар саат 10:00дөн 12:00гө чейин убактылуу токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM