Биз менен байланышыңыз

Турдалиев: Кароосуз калган ардагер жок

Кыска кабар , Пикирлер | 8 мая 2019 | 676 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин тарбия иштери башкармалыгынын башчысы Раим Турдалиев «Марал» радиосуна берген маегинде Улуу Ата Мекендик Согуштун эң жаш ардагери 90до экенин билдирди.

Анын айтымында, мурда алыскы аймактарда жашаган ардагерлерге аз көңүл бөлүнүп келсе, быйыл уюштуруу иштери жакшы болгон.

«1-апрелге карата 315 УАМСтин ардагери бар. Анын жетимишин Мамлекеттик чек ара кызматы кароого (шефке) алган. Чек ара кызматы 6 апага жардам бердик. Айрым ардагерлерди балдары жакшы карайт. Күйөө баласы менен турган ардагерлер да бар. Кудайга шүгүр, кароосуз калган ардагер жок. Бирок алар жылдан-жылга алсыз болуп бара жатат. Сүйлөй албай, төшөктө жатып калгандары да жок эмес. Согуштан кайтып келип, район, облусту жетектеген ардагерлер да бар», — дейт Турдалиев.

Ал ардагерлер кыргыз элинин тынччылыгын тилээрин белгиледи.

«Аталардын эрдиги, эмгеги жок болсо, биз балким жок болуп, бир элдин кулу болмокпуз. Советтер Союзу Мекенге кызмат кылууну биринчи орунга койгон. Айрым көрө албастар Улуу Ата Мекендик согуштун эрдиктери тууралуу тескери сүйлөшсө, башкалары Манасты миф деп чыгышууда. Жаш балдар ушундай туура эмес маалыматтарды сиңирип алууда. Тарыхтын бурмаланышы эң жаман нерсе. Коомдо психологиялык аң-сезим бар, башкача айтканда, адамдын эрдиктерине караганда, жаман нерселер көп окулат«, — дейт Турдалиев.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-майына карата өлкөдө 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар. Анын ичинен 86сы согуштун майыбы, 217си согуштун катышуучусу, 17си концлагерлердин жашы жете элек туткуну жана 24ү Ленинград блокадачысы.

Ошондой эле, 2 миң 123 ооруктун эмгекчиси, 4 эмгек армиячысы, 9 согушта курман болгондордун жубайы бар.

Copyright © 2017 Maral FM