Биз менен байланышыңыз

Буржуев: Согуш тууралуу терс маалыматтар басымдуу болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 мая 2019 | 783 | 0

Азыр Улуу Ата Мекендик Согуш тууралуу терс маалыматтар басымдуу болуп жатат. Мындай пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Чолпонбек Буржуев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал УАМС тууралуу айтылган терс маалыматтарга туруштук берип, ардагерлердин эрдиктерин коомчулукка, өзгөчө жаш муунга жеткирүү зарыл экенин айтат.

«Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу Кыргызстан тарткан бир да тасма жок. Кыргызстанда 316-аткычтар дивизиясы болгон. Ал полктон 28 баатыр чыккан жана полктун туусу Кыргызстанда. Ага башка мамлекеттер кызыгат. Бул — 30га жакын жоокери Советтер Союзунун Баатыры наамын алган жалгыз полк.  Орусия 28 баатыр жөнүндө тасма тартканда Казакстан кошулду, бирок Кыргызстан кирген жок. Айтсаңыздар, учурда жаштарды мекенчилдикке үндөгөн тасмалар тартылуудабы?», — дейт Буржуев.

Ал мындан сырткары, СССР убагындагы коммунисттик идеология, баары жеңиш үчүн деген ураан Жеңишке жеткиргенин белгиледи.

«Ал кезде эч ким «атам Орусияга көмүлүп калды» деп ыйлаган эмес. Аялдар шиш така кием деген эмес, алардын тилеги жолдошум аман келсе экен гана болгон. Ал кезде жарма менен нандан башка азык болбогон. Ал эми бүгүнчү? Биз балдарды баалуулуктарга тарбиялоону унутуп коюудабыз. Алардын жан дүйнөсү — бөксө. Көпчүлүк жаштарда тарыхты эскерүү деген нерсе жок. Аларга бай жашап, англис тилин үйрөнсө, интернет болсо болду… Жаштарды жакшы тарбиялашыбыз керек. Биз ардагерлердин эмгегинин арты менен жашап жатабыз. Бирок жыл өткөн сайын алардын саны азайып бара жатканы өкүндүрөт», — дейт Буржуев.

Ал буга кошумча, мурда согуштун айрым ардагерине такыр көңүл бурулбай келсе, быйыл жакшы маани берилип жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM