9-май Улуу жеңиш майрамы жаштарга чоң сабак болушу керек. Анткени, Улуу Ата Мекендик согуш — тарыхтагы эң чоң кыргын. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Чолпонбек Буржуев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, согушка кеткен каражаттар өнүгүүгө пайдаланылса, учурда дүйнө башкача болмок.
«Тарыхты карай турган болсок, уруштун көбү чек арадан чыккан. Мамлекет болуу үчүн калк, аймак, атрибуттар менен кошо, чек ара да коопсуз болушу керек. Улуу Ата Мекендик согушта бир да чек арачы, бир да аскер майдан талаасын таштап кеткен эмес. Согуш маалында чек арачылардын салымын, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эмгегин унутпоо зарыл», — дейт Буржуев.
Ал согуштун таасири тийбеген бир да үй-бүлө жок экенин белгилеп, коомду согуштун ардагерлерин унупай, дайым эстеп жүрүүгө чакырды.
Согуштун ардагерлерин 9-май Улуу Жеңиш майрамында гана эскербей, 365 күн сыйлоо зарыл. Жадагалса, көзү өтүп кеткенде да эстелик коюп, эстеп туруу абзел.
«Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин канча көп сыйласак, кийинки муундан да ошондой сый көрөбүз. Бул жерде өкмөт башчыны же башка бирөөнү күтпөй, эл кайдыгер болбошу зарыл. Аскерлер ардагерлердин эрдиктерин көбүрөөк түшүнөбүз. Алардын айкөлдүгү бизге сабак болушу керек. Ардагерлер бир гана дүйнө жүзүндө согуш болбой, тынчтык өкүм сүрүшүн каалайт», — дейт Буржуев.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-майына карата өлкөдө 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар. Анын ичинен 86сы согуштун майыбы, 217си согуштун катышуучусу, 17си концлагерлердин жашы жете элек туткуну жана 24ү Ленинград блокадачысы.
Ошондой эле, 2 миң 123 ооруктун эмгекчиси, 4 эмгек армиячысы, 9 согушта курман болгондордун жубайы бар.