Биз менен байланышыңыз

Таласта ооруканада милиция ардагерлери үчүн бөлмө ачылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 781 | 0

Талас облусундагы ооруканада укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана милиция ардагерлерине бөлмө ачылды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган бөлмө облустук милициянын колдоосу менен ачылган. Бөлмөдө бейтаптар үчүн бардык шарттар каралган деп айтылат.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин госпиталы бар, анда дарыланып чыгууга болот. Бирок Таластагы кызматкерлер жана ардагерлерге ал жакка барууга дайыма мүмкүнчүлүк боло бербейт.

Белгилей кетсек, учурда Талас облусунда 400 милиция ардагери бар.

Copyright © 2017 Maral FM