Биз менен байланышыңыз

Тылдын эмгекчилерин согуштун ардагери кылуу сунушталды

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 900 | 0

Тылдын эмгекчилерин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери катары кароо сунушталды. Бул маселени депутат Рада Туманбаева коомдук талкууга коюу керектигин парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тылдагылар ач калып, кара жанын карч уруп иштеп жүрүп аскерлерди тамак-аш, техника жана бардык муктаждыктары менен камсыздап келишкен. Ага карабай Кыргызстанда дале тылдагы эмгектенгендердин салымы, эмгеги жетиштүү деңгээлде бааланбай келет.

“Согуштун, күч органдарынын жана тылдагы эмгекчилердин ардагерлери тууралуу” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизип, аларды Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери катары кароо сунушталды.

Мындан тышкары аталган согуштун ардагерлери жана тылдагы эмгектенгендердин жерге берүү расмисине жеңилдиктер берилип, жергиликтүү бюджеттен же соңку иштеген жеринен каржыланышы керектиги айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM