Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жеңиш майрамынын 74 жылдыгын 19 ардагер белгилейт

Коом | 7 мая 2019 | 825 | 0

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ашир Рахматов быйыл 100 жашка толду. Ардагер ата алгач интернатта билим алган. Кийин Оштон мугалимдерди даярдоо курсунан өтүп, көп жыл мугалим болуп иштеген. Андайын Жогорку партиялык мектепти кызыл диплом менен аяктаган. 1940-жылы аскердик милдетин өтөө үчүн жөнөтүлүп, ошондон ары Улуу Ата Мекендик согушка аттанып кеткен.  Орусиянын 45-50 градус суугунда колуна курал алып, душман мизин майтарган күндөрү күнү бүгүнкүдөй көз алдында экенин айтып берди.

— Согуш башталары менен салгылашууга кирдик. Немистерди Сталининграддын алдынан тосуп алдык. Орусиянын талааларында катуу суукта салгылаштык. 1943-жылы катуу жарадар болуп, госпиталдан дарыланып, айыккандан кийин кайра урушка кирдим. 1944-жылы экинчи жолу жарадар болдум. Анан туулган жерге жөнөтүштү. 

Ашир ата Мекенине келгенден кийин көп жыл мугалим болуп иштеген. 100 жашка келгенине карабай, учурда дале күүлүү, саламаттыгы жакшы. Учурда бактылуу карылыктын доорун сүрүп, жакындарынын эле эмес, бүт облустун сый-урматынын үстүндө жүргөн чагы.

Кудайга шүгүр, мына азыр 100 жашка чыгып, бир кылым жашап отурабыз. Элибиз тынч болсун, аман болсун өлкөбүз өнүксүн, өссүн. Гүлдөгөн кыргыз эли болуп, даңкы дүйнөгө таанылсын. Келечек үчүн керектүү жаштарды тарбиялап жүрөлү.

Согуш ардагерлеринин саны жыл өткөн сайын азайып барат. Былтыр облус аймагында 32 согуш ардагери болсо, бүгүнкү күндө алардын 19у гана калды. Облустук Ардагерлер кеңешинин төрагасы Туйгун Жолдошев жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жергиликтүү бийлик жана өкмөт тарабынан комкордук көрүлүп жатканын айтат. Аларга пенсиядан сырткары, ай сайын 7000 сомдон төлөнөт. Ошондой эле, жыл сайын  9-май Улуу Жеңиш майрамына карата  акчалай жардам берилет.

— Тиешелүү тараптар: дарыгерлер, мэрлер, айыл өкмөт башчылары ардагерлерден кабар алып, турмуш-шарты менен жакындан таанышып турушат. Бул жылы Президенттин көмөкчү фондунан 20 миң сом, Өкмөттөн 15 миң 600 сом берилип жатат. Андан сырткары, айыл өкмөттөрү мүмкүнчүлүгүнө карап 50-100 миңге чейин беришүүдө. Алсак, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында 2 ардагер калган экен. Аларга айыл өкмөтү 2 автоунаа  беребиз дешүүдө.  

1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жеринен аттанган андагы эр-азаматтардын көбү кырчындай курагында кан кечкен, от кечкен майданда курман болуп, бөтөн жердин топурагын жазданса, азыраагы гана Ата Мекенине кайтып келген. Алардын катарында Баткен облусунан 20 миңден ашуун жоокер аттанып, 14 миңге жакыны кайтпай калган. 7 миңдейине гана Ата журтун көрүү насиби буюрган. Бүгүнкү күндө алардын 19у Жеңиш майрамынын 74 жылдык мааракесин белгилейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM