Биз менен байланышыңыз

Майып балдар үчүн реабилитациялоо борбору ачылды

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 403 | 0

Чүй райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын базасында майып балдар үчүн терапиялык окутуу жана реабилитациялоо борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева аталган борбордо майып балдар физиотерапиялык, дене тарбия жана ден соолугун калыбына келтирүү кызматтарын алышарын белгиледи.

Борбордо адистер балдарды пикир алышууга, үйдө өзүн-өзү тейлөөгө, коомдук жайларда жүрүм-турумга үйрөтөт. Мындан тышкары, майып бала баккан үй-бүлөгө үй шартында балдардын ден соолугун калыбына келтирүү боюнча ыкмаларды колдонууну үйрөтөт жана ар кандай кеңештер берилет.

Copyright © 2017 Maral FM