Биз менен байланышыңыз

Технология менен колго активдүү протезди даярдоо боюнча мастер-класс болду

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 644 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинде Орусиялык “Моторика” компаниясынын протезисти Емелин Данил жаңы технология менен колго активдүү протезди даярдоо боюнча мастер-класс өткөрдү.

Иш-чаранын катышуучуларына гипс, форма, пластика куюу, буюмдарды кайра иштетүүнүн бардык этабы көрсөтүлдү.

Мастер-класстын жыйынтыгында Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинин протезисти Мирбек уулу Изатка сертификат тапшырылды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык ушул жылдын 7 айдын ичинде мекеме 2454 протездик-ортопедиялык буюдарды, 4023,5 ортопедиялык бут кийим жана 846 протездик-ортопедиялык буюмдарга оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеге жалпысынан 7488 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылган.

Учурда республика боюнча 186 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын 30 миңи балдар.

Copyright © 2017 Maral FM