Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өттү

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 1064 | 0

Ысык-Көл облусунун ар бир районунда бала асырап алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү даярдоо үчүн 21 адам атайын окуудан өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окутуу турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулду.

Фостердик үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алып,  белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Аталган үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет.

Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо, 5 баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук/шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу талап кылынат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл облусунда 9 бала асырап алуучу үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат.

Copyright © 2017 Maral FM