Биз менен байланышыңыз

БУУ Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы 30,5 миң муктаж үй-бүлөгө жардам берет

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 858 | 0

Орусиянын колдоосу менен Кыргызстандын 30,5 миңден ашык жардамга муктаж жарандарына азык-түлүк жардамы берилет. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Миң тоннага жакын азык-түлүк калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө бөлүштүрүлөт. Биргелешкен программанын алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргеликте иштешет. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр үч айлык азык-түлүк топтомун алышат. Ага 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы кирет.

Азык-түлүк жардамы Орусиянын каржылык колдоосу менен жүргүзүлөт.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте 8 артыкчылык берилген багыттын алкагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле анын социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешип иш жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM