Биз менен байланышыңыз

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 717 | 0

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрсө болот.

Бул документти электрондоштуруу менен арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбай калат. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат.

Аталган программа «Инфоком» ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM