Биз менен байланышыңыз

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн «Дөөлөт» борбору ачылды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 676 | 0

Бүгүн, 14-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылында маданий эс алуу ишмердигин уюштурган, үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөткөн «Дөөлөт» борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Борбор турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөргө, балдарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү максатында уюштурулган. Алар бул борбордон сапаттуу психологиялык, укуктук жардамдарды ала алышат.

Бул жерде балдар үчүн комуз чертүү, сүрөт тартуу, чет тилин үйрөтүү сыяктуу ийримдер уюштурулат. Мындан тышкары, балдарды мектепке даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Борбор 50 адамга ылайыкталып, жергиликтүү бюджеттик эсептен каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM