Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 563,6 миң адам жөлөкпул алат

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 602 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” — 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң адамды түздү.

“Социалдык жөлөкпул” — пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түздү. Ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.

Министрликтин маалыматына ылайык, жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,9 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 7530,5 млн.сом (өсүш — 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулду төлөөгө — 650,3 млн.сом каржыланган.

Copyright © 2017 Maral FM