Биз менен байланышыңыз

«Ташкент-Бишкек-Балыкчы» темир жол каттамы 7-июнда ишин баштайт

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 526 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» ачык акционердик коому 6-июнда Ташкент убактысы боюнча 20:50дө «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Бишкек-Ташкент» маршрутундагы темир жол жүргүнчү каттамын баштоону пландаштырып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Поезддин алгачкы каттамы 7-июнда Балыкчы шаарына Бишкек убактысы боюнча 23.29да келет. Кайрадан 8-июнда саат 04.59да жөнөп, Ташкент шаарына 9-июнда Ташкент убактысы боюнча эртең мененки саат 05:00дө жетет. Жолдо жүрүү убактысы 25 саат 39 минутаны түзөт. Поезд жумасына бир жолу каттайт.

Учурда, Өзбекстан темир жол вокзалдарынын кассаларында билеттерди сатуу башталды. Билет баасы: плацкарт 41 доллар;  купе 52 доллар; люкс вагон 90 доллар. Кайтуу тарапка алына турган билеттин баасы өзгөрбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM