Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 468 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы ардагери Жолдошбай Адаев менен 94 жаштагы Салахидин Токтобаевди Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Калаа башчысы ар бир ардагерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана майрамдык белектерин тапшырды.

«Сиздер Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келесиздер. Ал эми биздин ыйык милдетибиз — ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү. Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жаныңарды аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип, таазим кылабыз!», — деди Т.Сарыбашов. 

Өз кезегинде ардагерлер өлкөдө түбөлүк тынчтык жана бейпилдик болушун каалашты.

Кошумчалай кетсек, быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон, ооруктун каармандарына 5 миң сомдон бөлүнгөн.

Учурда Ош шаарында жалпысынан 7 согуштун ардагери, 19 ооруктун каарманы жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM