Биз менен байланышыңыз

Жакырчылык ген аркылуу да өтүшү мүмкүн

Блог | 8 мая 2019 | 3093 | 0

Жакырчылык — акчанын жоктугунан да өйдө турат, тагыраак айтканда, кедейлик адамдын организминин химиялык курамын өзгөртөт. Мындай жыйынтыкка Финляндиянын жана Улуу Британиянын эволюцияны изилдеген окумуштуулары келишкен. Жакырчылыктын адамдын мээсине жана бүткүл организмге тийгизген таасири жөнүндө ар дайым жаңы маалыматтар пайда болуп турат. Негизи жакырчылыкка таасир берген ар түрдүү факторлорду бир нерсе бириктирип турат: алардын бардыгы адамдын жакырчылыктан чыгуусун татаалдантат.

Suomen Kuvalenti (Финляндия): кедейлердин маанисиз үлүшү

Жетишпеген турмушта жашагандар орточо эсеп менен жакшы акча тапкандарга караганда көбүрөөк оорушат жана эрте каза болушат. Финляндиянын Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу ведомствосунун 2016-жылы жүргүзгөн тажрыйбасына караганда, кедей жана бай финдердин ортосундагы узак жашоо боюнча айырмачылык аялдар арасында 5,6 жылды, ал эми эркектер арасында 10,6 жылды түзгөн.

«Лондондо жашоонун узактыгы боюнча айырмачылык почталык индекстин негизинде гана 20 жылды түзүшү мүмкүн», — дейт Хельсинки университетинин доценти жана биолог-эволюционер Эмма Витикайнен. Өзүнүн ишинде ал финансылык абалдын адамдын организмине болгон таасирин изилдеген.

Айырмачылыкты жашоо образынын негизинде түшүндүрүүгө болот. Тажрыйбага ылайык, Финляндиянын жана Улуу Британиянын калкынын жакыр жашаган топтору зыяндуу тамак-аштарды жешет, спорт менен аз машыгышат, ашыкча салмакты көп алышат, жана байыраак топторго караганда көбүрөөк ичимдик ичишип, чылым чегишет. Ошондой эле, кедейлер кызуу кандуулукка да көп алдырышат.

Эгерде ооруп калсаң жана эрте дүйнө менен кош айтышсаң, көпчүлүгү ал өзү күнөөлүү да деп ойлошот.

«Аз камсыз болгондордун көпчүлүгү «акча жетишпейт» деп актанат. Бул — дүйнөдө эң көп айтылган шылтоо. Эгерде алар зыяндуу тамак-аштарды, арзан сыраны жана эки кутуча «LM» тамекисин албай койсо эмне болмок? Албетте, дүкөндөн пайдалуу азык-түлүк алууга каражаты жетмек».(«Ваува» басылмасы, 02.08.2017)

Адамдын жашоосундагы финансылык кыйынчылыктар топтолуп барып отуруп, укумдан-тукумга ген аркылуу берилиши мүмкүн.

Бул аспектти изилдөө үчүн Турку университетинин жана Финляндиянын Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу ведомствосунун изилдөө тобу 157 финдин өздүк маалыматтарын изилдеп чыгышкан. 2017-жылы чыгарылган жыйынтыктардын негизинде, ата-эненин сабатсыздыгы балдардын сабатсыздыгына алып келери, ал эми ата-энелердин жумушсуздугу балдардын жумушсуздугуна таасирин бериши мүмкүн экендиги белгиленген. Мындай көрүнүштүн эң олуттуу себеби, адамдар жөлөкпул менен жашап, ошого көнүп калгандыгында болуп эсептелет.

Бирок жакырчылык алсыздык, же болбосо өзүнө ишенбөөчүлүк менен байланыштуу эмес. Кедейчиликтин адамдын мээсине жана бүткүл организмине берген таасири тууралуу дайыма жаңы маалыматтар чыгып турат. Таасир берүүчү факторлорду бир нерсе бириктирет: алардын бардыгы адамдын жакырчылыктан чыгышын татаалдантат.

«Мүмкүн, адамдар, биологиялык мамиледе жакырчылык бизге күчтүү таасир берерин билишпейт, же түшүнүшпөйт» — деп билдирди изилдөөчү Витикайнен.

«Спорт менен ар түрдүү машыкса болот, аны арзан же бекер кылууга мүмкүн. Негизгиси кандай болсо да, өзүңдү дивандан тургузуу керек», («Хельсинкилик Саномат» басылмасы, 02.08.2016)

Британдык Уорикс университетинин изилдөөчүсү Ананди Мани америкалык жана канадалык коллегалары менен 2013-жылы «Саенс» басылмасына акчанын жетишсиздиги мээнин иштешине терс таасир берерин жазып чыккан.

Бул маалымат Мани өзүнүн тобу менен 400 америкалыктын акыл-эс жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн тесттен өтүүнү сунуштаганда аныкталган. Тажрыйбага катышкандардын кээ бири орточо деңгээлден жакыр жашагандар, ал эми кээ бири байыраак жашагандар болгон.

Изилдөөчүлөр тестирлөөгө катышкандардан акча суроосуна болгон тынчсызданууну куулук менен чакырышкан: алар тестке катышып жаткандардан эгерде унааңар бузулуп калса эмне кылмаксыңар деп сурашкан. Алар шак эле оңдоо иштерине бере алышабы? Ал үчүн насыя алышабы же жокпу?-деген суроого жооп алгысы келген.

Тестирлөөгө катышкандардын бир бөлүгүнө оңдоо жүз еврого жасалат дешсе, экинчи бөлүгүнө андан да жогору бааны айтышкан.

Эгерде анча көп эмес сумма жөнүндө айтылса, аз камсыз адамдар жана жогорку деңгээлдеги кирешеси бар адамдар акыл-эс жөндөмүн аныктоочу тесттен бирдей деңгээлде өтүшкөн. Ал эми оңдоо үчүн чоң суммадагы акчаны айтышканда, аз камсыз адамдар тесттен кулай башташкан. Тесттен акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли 13 упайга төмөндөгөн – бул уйкусуз түндөгү эффект менен салыштырганда. Унааны оңдоо үчүн чоң сумма бай адамдардын жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизген эмес.

Бул тажрыйба көрсөткөндөй, акча жактан болгон кыйынчылыкты ойлонуу адамдын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өзгөртөт. Финансылык кыйынчылыктар жөнүндө ойлонуу мээни чыңалтып, башка маалыматтарды иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбой каларын изилдөөчүлөр билдиришкен.

Мани өзүнүн кесиптештери менен далилдегендей, бул көрүнүштү күнүмдүк кырдаалдарда да байкоого мүмкүн. Тестирлөө үчүн алар түшүмдөн жылына бир жолу киреше алган индиялык фермерлерди алышкан. Индустардын түшүм жыйноо алдындагы жана андан кийинки когнитивдик жөндөмдүүлүктөрү изилденген.

Жыйынтыгында акча ала элек фермерлер тесттен ийгиликсиз өтүшкөн, ал эми акча алгандар жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү беришкен. Фермерлердин тамактануусундагы жана физикалык эмгектин көлөмүндөгү айырмачылыктарды эсепке алышкан эмес.

«Эмне үчүн жакыр адамдар толуп кетишет? Алар сатып келип арзан жана пайдалуу тамак жасагандан эринет. Мисалы, ботко, шорпо, нан, салат арзан бирок сапаттуу жасаса болот. Мындай тамак- аш менен толуп кеткидей тамактанууга мүмкүн эмес. Толук жакыр адамдар өзүнүн абалын сыра жана сидром менен жакшыртууга аракет кылышат, бардык акча ушуларга кетет». («Каксплус» басмасы, 10.12.2008)

Начар жашоо шарт жана жашоо үчүн тынчсыздануу адамды ичинен кайгырууга алып келет. Адреналин жана кортизол сыяктуу стресстин гормондору активдүү иштелип чыга баштайт. Эгерде коргоно албастык сезими сакталса, организм дайыма тынчсыз абалда болот. Организм түнкүсүн активдүү болот да, депрессия менен алсыздыкка кабылып калат.

Өнөкөт стресс баш мээнин маңдайындагы нейрондук байланыштардын санын кыскартат, ал эми мындай абал өз кезегинде логикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн алсыздантат. Кортизолдун дайыма эле чыгып туруусу гиппокамптын клеткаларын иштен чыгарат.

Көпкө созулуучу стресс иммундук системаны жабыркатат жана оорулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Кан басым жогору болот да, ал өз кезегинде жүрөк ооруларынын пайда болушуна шарт түзөт. Стресс гормондору метаболизмди өзгөртөт, бул учурда адам толуп, диабет илдетине чалдыгат.

Стресс көпкө созулса каруу процесси да тездей баштайт. Стресстин кесепетинен хромосомдордун коргонуу аймагы теломерлер жабыркайт. Кедей адамдарда алар жетиштүү жашагандарга караганда кыска болот. Бул айырмачылык бала кезде эле байкалат.

«Организмге өзүнүн оң таасирин тийгизген сабиз менен брюкваны кымбат жашылчалар менен салыштырууга болбойт. Чыгармачылыкты колдонуу менен же болбосо тамак-аш китебин окуу менен ар түрдүү тамактарды жасоого болот. Бул жерде акчасы аз болсо да фантазияны иштетип, туура тамактанса болот. Мисалы көп эле өлкөлөрдө жашылча-жемиштердин килограммы жыл бою эле баасы бир евродон ашпайт ». («Хельсинки Саномат» басмасы, 02.08.2016)

Британдык Ньюкаслск университетинин психология боюнча профессору Дэниел Кеттл өзүнүн коллегалары менен жаш кезинен тамак үчүн күрөшкөндү үйрөнгөн чыйырчыктар тамак жетиштүү болгон чыйырчыктарга караганда импульсивдүү болуп чоңоюшарын белгилеген. Тамак жетишсиз өскөн чымчыктар пайдалуу азык тандоону билишкен эмес. Мындан тышкары, алардын хромосомдорду коргоочу теломерлери кыска болгон.

Жүрүм-турумдун импульсивдүүлүк комбинациясы жана көңүл буруунун жетишсиз синдрому, ошондой эле гиперактивдүүлүк теломерлери кыска адамдарда көп кездешет.

«Буга чейин изилдөөчүлөр бул байланышты импульсивдүү мүнөз менен төрөлгөндөрдө теломерлерди кыскарта турган зыяндуу адаттар болгон, мисалы, тамеки чегүүгө алып келиши мүмкүн деп түшүндүрүшкөн, — деп билдирет биолог-эволюционер Эмма Витикайнен, — Эгерде себеп башкада болсочу? Стресстен жана жакырчылыктан кыскарган теломерлер импульсивдүү жүрүм-турумга алып келсечи?

Социалдык-экономикалык жактан абалдын начардыгы, бала кезде башынан өткөргөн зомбулук жана бактысыздык өткөөл курактын башталышын тездетет. Мындай көрүнүш жаныбарларда да байкалган. Бул жерде сөз «тез жашап, жаш өт» деген стратегия жөнүндө болушу мүмкүн дейт Витикайнен.

«Эгерде ресурстар чектелүү болсо, жаныбарлар кубаттуулукту клеткаларды калыбына келтирүү үчүн жана өзүнүн абалын сактоого, же болбосо көбөйтүүгө пайдаланышат. Бир убакта бардыгын тең алууга мүмкүн эмес».

Эгерде шарттар туруктуу жана коопсуз болбосо жана стресс көп болсо эволюциялык түрдө эрте жашта көбөйүү көбүрөөк туура вариант болуп саналат.

«Башкача айтканда, эгерде кыз бул дүйнөдө жакшы аталар болбойт деп ойлосо, анда көпкө күтүүнүн кереги жок, жөн гана тезинен балалуу болуш керек».

Витикайнен мындай стратегиянын туура эместигин белгилейт.

«Ал миллион жылдар бою өнүккөн биологиялык механизмдер менен байланыштуу. Бул заманбап шарттарда мындай чечим жакшы же туура болмок дегенге жатпайт. Биологиялык жана социалдык эволюция көп учурда бири-бири менен конфликтте болуп турат».

Ген жана айлана-чөйрөдөгү ал-акыбал тыгыз байланышта, бирок аларды бири-биринен бөлүүгө болбойт. Ген кайсы бир жагдайда ар кайсы адамдарга ар кандай таасир берет, ал эми курчап турган чөйрө – гендер ар кандай жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн чечет.

Калыптануу эненин курсагында эле башталат.

Эгерде эне начар тамактанса, эмбриондун гени жакшы калыптанбайт. Организм мындай абалды бала тамак-аш жетишсиз болгон дүйнөдө төрөлүп калгандай кабыл алат.

Ошондой эле эненин стресси балага кооптуу шарттарда төрөлүп жаткандыгын кабарлайт. Дайыма сактыкта болуу маанилүү. Эгерде кош бойлуу мезгилинде стресстин гормондору абдан жогору болсо, ал нерв клеткаларына таасирин берет.

Кээ бир тажрыйбаларга караганда, кош бойлуу учурунда катуу стресске кабылган энелердин балдарынын интеллектуалдык деңгээли башкаларга караганда төмөн болгон.

Жакырчылыктан эмне кылар айласын таппаган, өтө басынган же депрессиялык абалда жашаган ата-энелер ымыркайга жетишерлик түрдө мээрим төгө алышпайт.

Бактыга жараша, мындай абалдан чыгууга болот, эгерде өсүп жаткан баланын чөйрөсү жакшы болсо.

Белгилүү болгондой, баланын өсүшү үчүн чечүүчү маселе болуп жаш курагынан баштап тарбиялоо саналат жана ымыркайы бар үй-бүлөлөргө болгон жардамдын болушу. Бул кичинекей балдардын мээсинин «ийкемдүү» болушу менен байланыштуу.

«Аялдардын консультациясы жана жардам берүүнүн башка түрлөрү адамдын ден соолугуна, акыл-эске оң таасир берет. Анын натыйжасы кийинки тукумга да жайылат».

«Финляндияда бардыгы бирдей эле деңгээлде, билимдин жана мамлекеттик колдоонун жардамы менен бай боло алышат. Демек, жакырчылык адамдын өзүнөн көз каранды. Эгерде сен акылсыз болсоң, бир кыйла сарамжалдуулукка көнүүгө туура келет». («Калева» басмасы, 08.04.2018)

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM