Connect with us

Боксчу Сауль Альварестин күйөрмандары учак кырсыгынан каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Май 2019 | 706 | 0

Мексикада учак кырсыгы катталып, 13 адам каза тапты. Алардын 10у жүргүнчү жана үчөө экипаж мүчөсү болгон.

Bombardier Challenger 601 бизнес-жет учагы Окампонун бийик тоолуу районунда кулаган. Маалыматка ылайык, учак чагылганга кабылып, учкуч чукул түрдө конууга аракет кылган.

Бизнес-жеттин жүргүнчүлөрү 5-майда Лас-Вегаста мексикалык кесипкөй боксчу Сауль Альварестин беттешинен кайтышкан эле.

Bombardier Challenger 601 – иш сапары менен учууга арналган, жогорку ыңгайлуулуктагы, техникалык жактан мыкты конструкцияланган учак түрү. Ал Билл Лир тарабынан иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM