Биз менен байланышыңыз

Бишкектин эки экс-мэринин баш коргоо чарасы кайрадан каралат

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 449 | 0

Бишкектин эки экс-мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралат. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук соту билдирет.

Эки экс-мэрдин жактоочусу алардын баш коргоо чарасын узартуу тууралуу соттун чечимине карата даттанганын билдирген.

Мындан улам, алардын баш коргоо чарасын кайра кароо чечими кабыл алынган.

Эске сала кетсек, Бишкектин Ленин райондук соту 2-майда бул маселени карап, отурумга төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков бардык айыпталуучуларга карата баш коргоо чарасын 2 айга узартуу чечими чыкканын жарыялаган.

Ал ошондой эле, соттук териштирүүнүн мөөнөтүн да эки айга узаргандыгын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM