Биз менен байланышыңыз

УКМК Сирияда террордук даярдыктан өткөн согушкерди кармады

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 400 | 0

Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террордук иштерге катыштыгы бар делип издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын колго түшүрдү.

Шектүү май айынын башында кармалганын УКМКнын маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Такталгандай, шектүү катары кармалган А. Н. аттуу жаран согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия-Ирак аймагында диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Ал жасалма документ менен КМШ өлкөлөрүнө чыгарылган.

Кармалган шектүү план боюнча террордук уюмдун башчыларынын террордук аракеттерди ишке ашыруу боюнча буйругун күтүп жаткан.

Учурда сотко чейинки материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM