Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Ишкер кодексин иштеп чыгууга жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 688 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыкты экспорттоочу- 2018» сынагынын сыйлыгын тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди,

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, ата мекендик экспорттоочулар жогорку сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүм чыгаруу менен Кыргызстандын атагын чет жактарга даңазалашууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, 6,7 млрд. долларлык тышкы сооданын жалпы көлөмүнөн экспорттун үлүшүнө 1,7 млрд. доллары туура келет. 2017-жылга салыштырмалуу өлкөдөгү экспорт 5 %га көбөйгөн. ЕАЭБ алкагында ветеринардык жана фитосанитардык тоскоолдуктар алынып салынды.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы экспорттун көлөмүн 2 млрд. долларга чейин көбөйтүү боюнча милдеттер коюлган.

«Бул максаттарда биз фискалдык саясатты кайра карап жатабыз жана текшерүүлөрдүн санын азайтып, экспорттоочуларга ар түрдүү жардам көрсөтүү менен бирдей шарттарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары, Ишкер кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү, анда чакан жана орто бизнести коргоо механизмдери камтылат, анткени, биздин экономиканын түзүмүнүн дээрлик жарымын тейлөө чөйрөсү камтыйт», — деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алдында ата мекендик экспортту илгерилетүү милдеттери коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM