Биз менен байланышыңыз

Путин Ислам Халиловду «Крокус Сити Холлдо» адамдарды куткаргандыгы үчүн сыйлады

Кыска кабар | 3 мая 2024 | 276 | 0

Ислам Халилов «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактта адамдарды куткаргандыгы үчүн Орусиянын атайын медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка 2024-жылдын 2-майында президент Владимир Путин кол койгон.

Жарлыкка ылайык, мектеп окуучусу Ислам Халилов «экстремалдуу шарттарда адамдарды куткаруудагы тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн» сыйланды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 22-мартында Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт учурунда 15 жаштагы бала 100дөн ашык адамды куткарып калган.

Анын үй-бүлөсү бир топ жыл мурун Кыргызстандан Москвага көчүп келген, бала өзү Орусияда туулуп-өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM