Биз менен байланышыңыз

Алгачкы өлкө башчысы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

Коом | 6 мая 2019 | 4041 | 0

Быйыл Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Орозбеков Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө бүт өмүрүн арнаган мамлекеттик ишмер.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Кадамжай районунун Охна айылында дыйкандын үйүндө жарык дүйнөгө келген. Тарых илимдеринин кандитаты Гүлжамал  Бекмурзаеванын айтымында, мамлекеттик ишмер катары таанылган А. Орозбеков дайыма эл арасында болуп, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып турган. Катардагы жоокерден, отряд командирине, саясий жетекчиликке чейин көтөрүлгөн тайманбас, эр жүрөк революционер Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик ишмери катары тарыхта калды.

— А. Орозбековдун баса белгилей турган дагы бир иши — ошол учурдагы кембагалдарды, жетим-жесирлерди колдоо максатында ачкан «Ленин» фонду. Демек, бул жерден муктаждарга жардам берүү ошол учурда эле башталганын көрүүгө болот. Бул азыркы учурдагы колго алынып-алынбай келаткан негизги маселелерден экени талашсыз.

Охна айылынын тургуну Талип Исаков 90 жашта, ал — Абдыкадыр Орозбековдун тууганы. Талип ата айылда Абдыкадыр Орозбековдун балдары менен бирге чоңойгонун айтат

 — Орозбековдун Кемел деген баласы атасы акталганга, тактап айтканда, 1956-жылга чейин Токтобаев Кимел Азизович болуп жүргөн. Атасы акталгандан кийин гана Орозбеков фамилиясына өттү.

Быйыл Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Аны утурулай, коомдук ишмердин  туулуп-өскөн айылында даярдыктар көрүлүп, иш-чаралар өтүүдө. Охна айылындагы мектеп-гимназияда А. Орозбеков атындагы республикалык фонду эскерүү кече өткөрдү. Фонддун жетекчисинин орун басары Роза Курбанкулова 130 жылдык мааракеге карата 130 жылдыкка карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу буларды кошумчалады:

Кадамжай районунда, Бишкекте маарекеге карата тегерек үстөлдөрдү өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасын да биздин фонд айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурдук.

Белгилей кетсек, Абдыкадыр Орозбеков Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен 1937-жылы 20-сентябрда репрессияга дуушар болуп, 1938-жылы 28-майда атууга кеткен. Арадан жыйырма жыл аралык өткөндөн кийин, тагыраагы, 1956-жылы толугу менен акталган.

Учурда мамлекеттик ишмер туулган Охна айылы жайгашкан аймак Орозбеков айыл өкмөтү деп аталып, айылда Абдыкадыр Орозбеков атындагы чакан музей бар.

Copyright © 2017 Maral FM