Биз менен байланышыңыз

Ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча жумушчу топтун II жыйыны өттү

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 547 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кемчиликтерди жана кагылыштарды аныктоо тууралуу экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков эскерткендей, жумушчу топтун ишмердигин камсыздоо үчүн кошумча эки изилдөөчү топ түзүлгөн, алар мамлекеттик органдардан, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынан түшкөн бардык сунуштарды карашат.

«Биздин топтордун аянттарында 2019-жыл ичинде соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү, тармактык мыйзамды шайкештөө боюнча сунуштар иштелип чыгат. Мындан тышкары, дал ушул биздин топ кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардын концепциясын сактоону камсыз кылууга тийиш. Ал тургай, жумушчу топтун жыйындарында укук колдонуу тажрыйбасы жана мамлекеттик органдар туш болгон маселелер каралмакчы», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө 5 маселе каралган. Биринчи маселе боюнча, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү сүйлөшүп, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды айтты.

Талкуулардан кийин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жакшыртуу чечими кабыл алынды.

Талкуунун жыйынтыгында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мыйзам долбоорлорун толук иштеп чыгууну камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары, ведомствого мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңири коомдук талкуулоону камсыз кылуу милдеттендирилди.

Copyright © 2017 Maral FM