Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков бир топ саясий ландшафтты өзгөрттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 668 | 0

Учурда бийлик алмашты деген сөз менен гана жашап келе жатабыз. Бирок бийлик түп-тамыры менен алмашкан жок. Антсе да, президент Сооронбай Жээнбеков бир топ саясий ландшафтты өзгөрттү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун коррупция менен күрөштүн артынан кетип жатканы жакшы жышаан.

«Коррупция менен күрөш улуттук спорт оюндары сыяктуу болуп калды. Коррупцияга малынгандарды көрүп жүрөбүз. Коррупцияга каршы күрөштүн тактикалык ыкмалары туура эместей. Бийлик реформа жасоого батыл кирише албай жатат. Болгону, косметикалык реформа болууда. Рентабелдүүлүгү жок министрлик, агенттиктерди кармап туруунун канчалык зарылчылыгы бар? Аймактык-территориалдык реформа жасоого көп убакыт керек эмес. Унитардуу мамлекетте агенттик деген түшүнүк болбошу керек», — дейт Осмоналиев.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев күчкө салып, Конституцияны өзгөртүп койгонун айтып, анын арты менен өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин укуктары кеңейгенин белгиледи.

«Демек, бир гана президентти карап отура берүү болбойт. Саясий кырдаалды Жогорку Кеңеш колго алуусу кажет эле. Кептин баары ошолордо болуп жатат. Учурда парламенттин өз алдынчалыкка жетишүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок», — дейт Осмоналиев.

Copyright © 2017 Maral FM