Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө I орунда турат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 1409 | 0

Ушул жылдын биринчи кварталында алтын сатуу боюнча дүйнө жүзүндө Өзбекстан лидер болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын боюнча кеңешинин (World Gold Council) отчетунда айтылат.

Отчетто январь-март айларында Өзбекстан 6 тонна 200 кг. алтын саткан. Ушул эле январь-март айларында алтын сатуу боюнча экинчи орунда Монголия туруп, 3,4 тонна алтынды экспорттогон. Үчүнчү орунда Тажикистан туруп, 1 тонна алтын саткан.

Ал эми алтынды импорттоо боюнча алдыңкы орунда Орусия турат. Маалыматтарга караганда, Орусиянын Борбордук банкы ушул жылдын алгачкы үч айында  55, 3 тонна алтын сатып алган. Экинчи орунда Түркия 40 тонна жана үчүнчү орунда Кытай 33 тонна алтын сатып алышкан.

Өзбекстандын Борбордук банкы апрель айында 2019-жылы 80 тонна алтын экспорттогон. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 10 тоннага көп. 80 тонна алтын Өзбекстандын мамлекеттик казынасына 3,4 миллиард доллар пайда  алып келет.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM