Биз менен байланышыңыз

Санк-Петербургдагы кыргыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 479 | 0

Санк-Петербург шаарында 1989-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну С. Б. аттуу жарандын таяк жеп каза болгондугу аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

3-май күнү аталган иш боюнча Санк-Петербург шаарындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Москва райондук тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде иш козголгон. Комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү 1992-жылды туулган Орусиянын  тургуну М. М. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Кылмышка шектүү жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Орусия ИИМинин Башкы маалыматтык-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча М. М. аттуу жаран мурда да сотттолгон.

Тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң, каза болгон жаран Кыргызстанга жеткирилет.

Copyright © 2017 Maral FM