Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Учак кырсыгында каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 983 | 0

Москванын «Шереметьево» аэропортунда өрттөнгөн учакта каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны жок. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Москва-Мурманск маршруту боюнча сапар алган SSJ-100 учагы кечээ өрттөнүп кеткен. Анда каза болгондордун саны 41ге жеткени айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам маалыматына таянып, каза болгон жана жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жараны жок экенин билдирет.

Кечээ «Sukhoi Superjet-100» (SSJ-100) учагы Шереметьево аэропортуна конгон учурда өрт жалмаган. Кырсыктын кесепетинен 40 жүргүнчү, 1 экипаж мүчөсү көз жумган.

Буга байланыыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Copyright © 2017 Maral FM