Биз менен байланышыңыз

Баңги заттарын өндүрүүчү прекурсорлордун ири партиясы кармалды

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 451 | 0

Улуттук коопсуздук комитети баңгизаттарын өндүрүү үчүн ташылган прекурсорлордун ири партиясын колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Аталган кылмышка шектүү катары Ош областынын аймагынан «Дэу-Нексия» маркасындагы автоунааны башкарып бара жаткан 1994-жылы туулган Ош облусунун тургуну  Э. у. Р. жана кошуна мамлекеттердин биринин жараны, 1983-жылы туулган Н. А. кармалган.

Алар башкарган унааны текшерүү учурунда аткезчилик жол менен алынып бара жаткан 8 даана желим челекке куюлган 101 литр ангидрид кислотасы табылган.

Маалымат катары айта кетүүчү жагдай, 0,5 литр ангидридден 1 килограмм героин өндүрүлөт.

Аталган жарандар 25-апрелде УКМК тарабынан ири баңги каражаттарын жана прекурсорлорду аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюу жана аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта  УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоого жана ошондой эле транзиттик каналдарына жана контрабандага бөгөт коюуга багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM