Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өзгөчө кырдаалдар тобокелдигинен эң оболу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 583 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр жаздын жаанчыл болушуна байланыштуу калктуу аймактарды суу каптоо, сел, жер титирөө жана жер көчкү кырсыктарынан алдын ала коргоонуу иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларынын комплексин ыкчам тартипте ишке ашыруу керек. Биринчи кезекте кооптуу аймактардагы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет. Биз калк арасында түшүндүрүүлөрдү жүргүзүп, жер-жерлерде жарандарыбызга жардам көрсөтүү боюнча иштерди башкарууга тийишпиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бардык потенциалдуу кооптуу тилкелерде алдын ала коргоочу чараларын өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM