Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Таштандыга каршы күрөшүү багытындагы иштерди тутумдаштырууга тийиш

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 494 | 0

Жакында эле Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиги менен өз ара аракеттешүү программасына кол койдук. Булгануу жана таштандыга каршы күрөштө кыйла натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн өкмөт бул багыттагы иштерди тутумдаштырууга тийиш. Бул маселелердин бардыгы адамдардын ден соолугун эске алуу менен чечилиши керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экология жана урбанистиканын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жарандык активисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Экологдор жана «Эко Деми», «Арча демилгеси», «Урбанисттер», «Велокоом», «Прима» коомдук уюмдарынын жарандык активисттери мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мындан ары карай биргелешип кызматташуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Анын ичинде республикада таштандыны кайра иштетүү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо жаатында заманбап технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө тийиштүү сунуштар ортого салынды.

Иш-чаранын соңунда премьер-министр катышуучуларга жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн үстүндө активдүү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте иштөөнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM