Биз менен байланышыңыз

«Кылычсыз самурай» китебинин бет ачары болуп өттү (фото)

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 1402 | 1

Бүгүн, 3-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында  Гүлбара Абдыкалыкова которгон белгилүү жапон жазуучусу Китами Масаонун «Кылычсыз самурай» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чара «BUGUPRESS» маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган.

«Кылычсыз самурай» китебинде XVI кылымдагы Жапониянын легендарлуу тарыхый  жол башчысы Тойотоми Хидэйошинин жетекчилик сырлары айтылып, жапон тарыхындагы Сеңгоку доору кенен сүрөттөлөт. Эң кызыгы, башкы каарман Тойотоми Хидэйошинин ошол кездеги чачыраган урууларды бир туунун алдына бириктирүү максаты, кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган «Манас» эпосундагы «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деген саптарды эске салат.

«Чыгарманын кандайдыр бир деңгээлде «Манас» эпосуна окшошуп кеткени, кыргыз элинин тарыхына да үндөшкөн жагдайлары бардыгы менин которууга болгон кызыгуумду ойготту», — дейт китептин котормочусу Гүлбара Абдыкалыкова.

Китепти басып чыгарууга демилгечи болгон «BUGUPRESS» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегиндин белгилешинче, китептин кыргыз тилиндеги басылмасы кыргыз окурмандары үчүн жакын болору шексиз. Ал эми башкы каармандын эскирбес сырларынын айрыкча, ишкерлер, бизнесмендер, жетекчилик кызматтагылар үчүн пайдасы өтө зор.

Copyright © 2017 Maral FM