Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча сынак башталды

Билим-маданият | 27 Сен 2019 | 2208 | 0

Бүгүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун кайрадан басылып чыккан «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», «И дольше века длиться день» китептеринин бет ачары өттү. Кыргыз улуттук илимдер академиясына караштуу Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата журт» коомдук фонду жана «Оку» басма үйү биргелешип уюштурган иш-чарага жазуучунун карындашы Роза Айтматова баштаган бир катар акын-жазуучулар, тилчи-адабиятчылар, тарыхчылар жана башка тармактын өкүлдөрү катышты.

Аземге ардактуу конок катары келген Роза Айтматова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китеп окуган жаштардын ой жүгүртүүсү жогору болорун белгиледи.

— Китеп жакшы басылыптыр, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз. Жаңы өсүп келе жаткан жаштар окуса, алардын ой жүгүртүүсү жогору болот.

Иш-чаранын башкы уюштуруучусу, Тил жана адабият институтунун жетекчиси, академик Абдылдажан Акматалиев жаштардын интернет менен алек болуп, китепке көнүл бурбай калганын айтып, китеп окууга шыктандыруучу долбоорлорду уюштуруп жатышканын билдирди.

— «Жаштар китеп окубай, интернетке көз каранды болуп калды», — деген сөздөр айтылып эле келет. Ошондуктан уюмдар менен биргеликте жаңы долбоорду ишке ашырып жатабыз. Жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында жалпы республикалык сынак уюштуруп жатабыз. 

Ал эми ал эмне болгон сынак экени боюнча, «Оку» басма үйүнүн жетекчиси, «Оку» долбоорунун демилгечиси Сейитбек Идирисов маалымат берди. Ал маалымдагандай, «Канткенде адам уулу адам болот?» деген ураан-чакырыктын астында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай республикалык китеп окуу сынагы башталды. Тактап айтканда, кыргыз тилдүү окурмандар үчүн жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме» чыгармалары, орус тилдүү окурмандар үчүн «И дольше века длится день» чыгармасы сынакка коюлду.

— Китепти окуп чыгууга, даярданууга үч ай мөөнөт берилет. Кааласа, мурунку басылып чыккан китептерден окуса болот. Аны табалбаса, бизден келип алышсын. Ал эми сынак 15-декабрда жер-жерлерде, аймактарда тест түрүндө өтөт. 21-декабрда жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө белек тапшыруу аземи болот. Жалпы байге фонду 300 миң сом. Бирден баштап онунчу орундарга чейин атайын сыйлыктар каралган. Китеп боюнча айтсам, чыгармалар иллюстациялык сүрөттөр менен өз-өзүнчө басылып чыкты. Окурмандар баалайт деп ишенем.  

Белгилей кетсек, «Оку» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн сынакка былтыр Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу коюлган. Бул саамалык жыл сайын белгиленип турарын кошумчалады Сейитбек Идирисов.

Copyright © 2017 Maral FM