Биз менен байланышыңыз

Абидетегин: Мектептерде сүрөт тартуу сабагын күчтөндүрүү керек

Коом , Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 1146 | 0

Бүгүн, 11-сентябрда баланын ички дүйнөсүн анын тарткан сүрөттөрү, боёгон өңдөрү аркылуу тааныткан китептин бет ачары болду. Bugupress маалымат агенттиги «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата «Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» аттуу китеп чыгарды.

Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов белгилегендей, “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китеби ата-энелер үчүн табылгыс байлык болуп саналат.

-Бул китеп — ар бир баланын чыгармачылык дараметин ачып берүүгө багытталып, алардын тарткан сүрөтү аркылуу эмнеге муктаждыгын, бактылуу же бактысыз экендигин билүүгө жардам берет. Уул-кызынын өнөрүн өстүрөм деген ата-эне үчүн эң мыкты белек деп айта алам,- дейт Алмазбек Токтомаметов.

Негизи көпчүлүк ата-эне балдарынын тарткан сүрөттөрүнө кубанып, аларды мактап кое беришет. Бирок дал ошол сүрөт эмнени түшүндүрөт, неге ар дайым апасынын көйнөгүн сары түскө боейт, же тарткан сүрөтүндөгү кара боек менен боелген майда жазуулар эмне маанини берип жатканын ойлонгондор аз.

«Баластан» интерактив журналынын башкы редактору, долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегиндин айтымында, балдар сөз менен сүйлөбөгөн нерсесин тарткан сүрөтү, колдонгон боегу аркылуу билүүгө болот. Ошондуктан, балдардын каалоосун, алар эмнеге муктаж болуп жатканын билип, аларга туура тарбия берүүдө мугалимдер, тарбиячылар үчүн да «Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китебинин жардамы чоң.

-Баланы тарбиялардан мурун анын эмнени кааларын билишибиз керек. Китеп баланын кыялын, шыгын, мүмкүнчүлүгүн билүүдө жол көрсөткүч болуп бере алат. Ата-эне баланы тарбиялоодон мурун алардын жан дүйнөсүн, психологиясын, жөндөмүн билип алуусу абзел.

Долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегин бала бакчаларда, мектептерде да сүрөт тартуу сабагына көбүрөк көңүл бурулса дейт. Улуу окумуштуу Альберт Эйнштейн айткандай: “Кыялдануунун күчү билимден да маанилүү”. А баланын кыялдануусун дал ушул сүрөт тартуу аркылуу өнүктүрсө болот.

 Мектепте көбүнчө математика сыяктуу сабактарга көп басым жасалат. Сүрөт тармагына да көңүл бурулса жакшы болот эле. Сүрөт тартуу менен балдардын өз оюн эркин жеткирип, каалаган нерсесин айта алган, кенен ой жүгүрткөн жаштарды өстүрө алабыз.

Китептин түп нускасы түрк тилинде. Автору — Илхами Саваш. Кыргыз тилине Айсулуу Койчубек кызы жана Кызжибек Чаткалбай кызы которгон. Учурда бул китепти бардык китепканалардан тапсаңыз болот.

Bugupress маалымат агенттиги буга чейин «Грузия кантип реформа жасай алды», «Кылычсыз самурай» китептерин кыргыз тилинде басып чыгарган. 

Copyright © 2017 Maral FM