Биз менен байланышыңыз

«Китепканаларга шарт түзүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2021 | 805 | 0

Мамлекеттин карамагындагы китепканаларда эч кандай шарт жок, окурмандардын саны аз. Андыктан китепканаларды сарай деп атоого да болот. Мындай пикирин «Bugupress» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегин «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Китепканаларда шарт жок, кышында барсаң үшүйсүң. Коомчулукту китеп окууга кызыктыруу үчүн китепканаларга шарт түзүү керек. Жок дегенде уктаганга шарт түзүлсө, ал жерде эс алган адам бир күн сөзсүз китеп барактайт», — дейт Абдитегин.

Анын айтымында, кайсы бир коомду китеп окууга кызыктыруу үчүн — ал элдин тилин өнүктүрүү зарыл. Китеп окуууну адатка айлантууда чыгарманы тандоо да маанилүү. Ал үчүн адамдардын кеңешин угуу ашыкча болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM