Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда китепке болгон сүйүү артууда»

Коом , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 540 | 0

Кыргызстанда китепке болгон сүйүү артууда. Мындай пикирин «Bugupress» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегин «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта жаңы чыккан китептерге, тарыхый китептерге, котормолорго кызыгуу күч. Өзгөчө жаштар арасында китеп окуу маданияты кеңири жайылууда. Бул маданият кеңири жайылуусу үчүн коомчулук китеп окуунун маанилүүлүгүн ар бир жаран кеңири түшүнүүсү керек.

Көпчүлүк адамдар бош убактысында гана китеп окуйт. Бирок ийгиликке жеткен кишилер китеп окуу үчүн атайын убакыт бөлгөнүн көрүүгө болот. Тамак-аш курсакты тойгузгандай, китеп окуу жан дүйнөнү тойгузуп, байытат.

«Коомго китептердин кеңири ассортментин сунушташыбыз керек, алар окубай коюуга шылтоо таппагандай болушу зарыл. Китеп окуунун жаңы тенденциясы пайда боло баштагандыктан, кайсы бир багыттагы китепти тандай баштады дегенден алысмын. Анткени жаштар китеп окуу «океанына» жаңыдан чөмүлдү. Азырынча бир багытты тандаган окурмандардын калың катмары жок. Бирок, улам жаңы чыккан китептерди талдап, кайтарым байланышкан окурмандар көбөйө баштады», — дейт Абидитегин.

Ал белгилегендей, китепканалардагы китептердин дээрлик 80%ы орус тилинде. Ал эми калктын 70%дан ашыгы — кыргыз тилдүүлөр.

Copyright © 2017 Maral FM