Биз менен байланышыңыз

БУУ: Венгрия бийлиги мигранттарга тамак берүүдөн баш тарткан

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 448 | 0

БУУнун адам укуктары боюнча расмий өкүлү Равина Шамдасани Венриянын бийлиги өлкөгө легалсыз кирген мигранттарга тамак берүүдөн баш тартканы ойлондуруп жатканын билдирген. Бул жагдай тууралуу бүгүн Женевада өткөн жыйында сөз болду.

Расмий өкүлдүн айтымында, мындай көрүнүш эл аралык ченемге каршы келет.

«Кандай абал болбосун, мигрант начар шартта кармалбоого тийиш. Айрыкча, транзиттик учурда«, — дейт Шамдасани.

БУУ ар бир адамдын жеке укугу сакталууга тийиш деп эсептеп, Венгрияны «эркиндигин чектегендерге» карата өз милдетин так аткарууга чакырган.

Уюмдун маалыматына ылайык, депортацияга кабылган 21 мигрант тамактануу укугунан да ажыратылып, бир канча күн ачка калган.

 

Copyright © 2017 Maral FM