Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Жогорку сот саясий топтун буйругун аткарды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 1704 | 0

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган өкүм саясий топтун буйругу болду. Мындай пикирин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, сот бул отурумда мыйзамдар иштебегени, эске алынбагандыгы, адам укугу сакталбагандыгы жана сот реформасы жүрбөгөндүгү далилденди.

— Текебаев менен Чотоновдун, Жапаровдун иши – жалпы коомчулуктун көңүлүн бурган саясий иштер. Булар боюнча эми коом сот реформасына, мыйзамдуулукка баа берет. Бүгүнкү сот «чөнтөк» экенин, мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарарын далилдешти.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Сот саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдай боюнча кайра карап, мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM