Биз менен байланышыңыз

Индияда катуу бороон коркунучунан миллиондон ашык адам эвакуацияланды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 927 | 0

«Фанни» бороону жакындаганына байланыштуу Индиянын Орисса штатында жашаган миллиондон ашык тургун эвакуацияланып, убактылуу лагерлерге жайгаштырылды. Бул тууралуу NDTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-4-май күндөрү элге сыртка чыгууга тыюу салынган. Бир жума ичинде шаардагы аэропорттор жабылып, жалпы жол кыймылы токтотулган.

Циклон Бенгал булуңу тараптан күчтүү куюн көтөрүлүп, денизде ылдамдыгы саатына 200 км бороон болору күтүлүүдө.

Табияттын мындай көрүнүшү 1999-жылы катталып, 10 миңден ашык адамдын өлүмүнө себепчи болгон.

Copyright © 2017 Maral FM