Биз менен байланышыңыз

«Матраимовдун иши узарган сайын, президенттин аброюна карата шек саноо өсө берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 652 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча тергөө кечигип жатканынын артында чоң саясат турат. Ал саясаттын артында саясий фигуралар бар. Мындай пикирин УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимовдун иши узарган сайын, президенттин аброюна карата шек саноо өсө берет. Андыктан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бул маселеге кылдат карашы зарыл.

«Матраимов темасы казактар чек араны жапканда чыкты. Ошол маалдагы казак лидери Нурсултан Назарбаевдин көңүлүн алуу үчүн бирөөнү курмандыкка чалуу керек болгон. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Райымбек Матраимовду кызматтан алды. Бирок ал иштен алынса да, аткезчилик токтогон жок. Матраимовдун ордуна келген да ошол эле ишти улантууда. Эми Матраимов ар-намысында туруп, бийликке тирешип жатат. Бийликтин системасы адамды керектүү үчурда колдонуп, керек болбосо ыргытып коюуда», — дейт Мамытканов.

Ал буга кошумча, Кыргызстан үй-бүлөлүк башкаруудан арыла албай жатканын сынга алды.

«Кайсы гана президент келбесин, баягы эле «эшегине жараша тушагы». Аларда саясий элитаны өнүктүрүү, аң-сезимди өстүрүү түшүнүгү жок. Мындан улам мамлекетте өнүгүү болбой келет. СССР убагында унаасын башка жакка айдап барды деген айып менен Сибирге айдалгандар болгон. Азыр капиталисттик идеология келип, акчага, байлыкка маани берилип калды. Эгерде акчаңыз жок болсо, сиз адам эмессиз», — дейт Мамытканов.

Эсек салсак, Райымбек Матраимов 2018-жылдын апрель айында кызматтан негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деген чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат.

Copyright © 2017 Maral FM