Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Матраимовдордун бийликке таасири бар

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 694 | 0

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде Матраимовдордун бийликке таасири бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимовдун акчасы көп экенин эл да сезип жатат. Демек, Матраимов алдыдагы парламенттик шайлоого таасир этет. Ошондуктан, атасын эскерген тойго эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү баары көчүп барды. Ал жакка жөнөкөй депутаттар барган эмес.

«Баары топтолуп барып, саясий деңгээли төмөн экенин көрсөтүштү. Булар атагы чыккан акындардын тоюна барбайт да, турнирлерге барат экен. Эмнеге Кара-Суудагы турнирге аткаруу бийлиги, парламент чогуу барды? Же алар эт жебей, волейбол көрбөй жүрүштү беле? Булар 2020-жылы боло турган шайлоого даярданып, тымызын сүйлөшүштү», — дейт Мамытканов.

Анын пикиринде, Жогорку Кеңештеги партиялар түбөлүк бийликте калуу менен башы ооруп, өздөрүнүн кызыкчылыгын карап жатышат. Анын баары эл өкүлдөрүнүн адамдык касиетинин өзгөрбөгөндүгүнөн улам болууда.

«Депутттар моралдык жактан бийик деңгээлде болгондо, Матраимовдордун тоюна бармак эмес. Муну дүйнө жүзү, коңшу мамлекеттин жетекчилери карап жатат да», — дейт Мамытканов.

Эске салсак, 1-майда Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш башталган. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана бир катар депутаттар катышкан. Ал жактан тартылган сүрөттөр социалдык тармакта сынга алынып, нааразычылыктарды жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM