Биз менен байланышыңыз

Унаага сүйрөлгөн баланын апасы Орусиядан келди

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 748 | 1

«Таякеси тарбиялоо максатында автоунаасы менен сүйрөттү» делген бала апасы менен жолугушту. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Назгүл Турдубекованын айтымында, бала апасынын келгенине аябай кубанган, ошол эле учурда ден соолугу да жакшырып баратат. Баланын апасы мурда англис тили мугалими болуп эмгектеген. Баласын өзү менен бирге Орусияга алып кетүүнү пландап, бирок белгилүү себептерден улам, туугандарына убкатылуу таштап кетүүгө туура келген. Азыр бул кылганы үчүн өкүнүүдө.

Ошондой эле, баланын апасы жалпыга мааалымдоо каражаттарына азырынча интервью бере албай турганын Назгүл Турдубекова кошумчалады.

Эске салсак, 27-апрель күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 8 жаштагы баланы уруп жатат деген арыз келип түшкөн. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 2010-жылы туулган баланы 33 жаштагы таякеси таенесинин акчасын уурдаган деп, тарбиялоо максатында автоунаа менен сүйрөткөнүн кошуналары айтышкан.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Эгембердиева фатима

    02.05.2019 20:13

    Балдар зордук зомбулукка кабылбвса.биздин келечегибиз болгон наристелерибиз жакшы тарбия корсо.куураган жашоо тиричилик деп ата Эне балдарын таштап Алыска кетишпесе.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM