Биз менен байланышыңыз

Өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр

Коом | 9 Июл 2019 | 753 | 0

Кыргызстанда акыркы он жыл аралыгында өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп жаткандыгы айтылып келет. Адистер мунун түрдүү себеби бар экенин билдиришип, бул көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча ата-энелерге жана өспүрүмдөргө атайын окутууларды байма-бай өтүп, нускамаларды таратып турууну сунушташат. 

Ош шаарынын тургуну Назарбек Карыповдун жакын туугандарынын бири 8-классты бүтүп жаткан баласынын акыркы убактарда көп сүйлөбөй, түнт тартып кеткенин байкаган. Баласынын абалына тынчсызданган ата-эне көзөмөлгө алышып, натыйжада өз өмүрүнө кол салгысы келип жүргөнүн, ага себеп аны эч ким түшүнгүсү келбей жатканын жазган күндөлүгүн таап алышкан. Мындан улам, алар психологго кайрылууга мажбур болушкан. Окуяны эскерген каарманыбыз Карыпов айрым ата-энелердин каражат табуу үчүн күнү-түнү иштеп, балдарына анчейин көңүл бурбай калып жатканын айтып, мындай окуяларды болтурбоо үчүн алдын-ала чара көрүү керектигин эскертет.

— Бул окуядан кийин жакындарым менен чогуу көптөгөн аракеттерди кылдык. Ал учурлар абдан оор болот. Психологдон кеп-кеңештерди алдык. Бирок, ал акыбалдан жүз пайыз чыгып кеттик деп айта албайм. Өспүрүмдөрдүн мындай кадамдарга баруусунун себептери бири-бирине окшошпойт, ар кимисиники ар башка экен.

Өспүрүмдөрдүн өткөөл курагы — ар тараптан колдоого муктаж. Физиологиялык жана моралдык жактан өзгөрүүлөргө туш болуп, бул учурда ар кандай маселелерин өз алдынча чечүүдө бир топ кыйынчылыкка кабылат. Ошондуктан, өспүрүмдөрдү тарбиялоодо жогорку бийлик бутактары тарабынан атайын мамлекеттик программаларды кабыл алуу зарыл. Ал эми өспүрүмдөрдөрдүн суицидге баруусу ата-энелери жеткиликтүү көңүл бурбаганынан келип чыгат. Мындай пикирин «Данакер» Үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева билдирди.

— Өспүрүмдөрдүн суицидге барганынын негизги себептерининин бири — психологиялык өзгөчөлүктөрү болот. Бала кезинде ата-энесинен бир топ убакка бөлөк туруп калса, же жакындарынын кайдыгер мамилесине кабылса, ошондой эле, айланасындагылардын ага карата зомбулук мамилесин көрсө, ал кийин таасирин тийгизет. Мунун кесепетинен болуп өткөн терс окуяларга жооп таппай жалгызсырап, акыры өз өмүрүнө кол салат.

Өспүрүмдөр чөйрөсүндөгүлөрдөн зордук-зомбулук көргөндө, эмне кыларын билбей калышат. Алар алсыз болгондуктан, өз укугун коргой албай, кимге ишенерин билбей, депрессияга түшүп кетет. Муну аягы көпчүлүк убакта суицид менен аякташы мүмкүн экенин айтат «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова. Ошондой эле, өспүрүм курак өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын, бул убакта ата-энелер балдары менен тыгыз мамиле курушу керектигин кошумчалайт. «Тилекке каршы, биздин өлкөдө мектептерде атайын психологдордун жетишсиз», — дейт ал.

— Өспүрүмдөрдүн арасында ага болуп жаткан зомбулук тууралуу арыздануу уят деген көз караш калыптанган. Билинбеген менен ушундай субкультура түзүлүп калган. Коомчулук буга кайдыгер карабай, ар бир балага өз укугун билүүгө үйрөтүп, салымыбызды кошушубуз керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашеванын пикиринде, өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна түздөн-түз ата-энеси жоопкерчиликтүү. Акыркы убактарда мындай учурлар катталганда, мектеп директорлорун же мугалимдерди күнөөлөгөндөр көп болуп жатат. Өспүрүмдөрдүн суицидинин артында экономикалык маселелер да бар экенин айтып, бул жаатта өкмөт активдүү иштеп жатканын маалымдады.

— Айыл жерлеринде социалдык кызматкерлер үймө-үй кыдырып, ар бир үй-бүлөдө балдар кандай акыбалда жашап жатканын, кимдер менен туруп жатканын көзөмөлгө алып  жатышат. Биз бул маселени көптөн бери көтөрүп келгенбиз. Буйруса, ишке ашып жатат. Ал үчүн ыраазычылык билдиребиз, айрыкча, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө рахмат айтабыз.

Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын жүзгө жакын өспүрүм өз өмүрүнө кол салат.  Ага негизинен үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жакындарынан бөлөк жашоо, ошондой эле, өспүрүмдөр рэкетчилиги себеп болгону айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM