Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды

Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 536 | 0

Кечээ, 12-октябрда жоголду делип, издөөдө жүргөн 14 жашар өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  11-октябрда 14 жаштагы кыздын жоголгону боюнча кыздын ата-энеси Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгына кайрылган. Издеген тараптын айтымында, 2005-жылы туулган М. А. аталган күнү эртең мененки саат 7:10 чамасында шаардагы ооруканалардын бирине кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Факт каттоого алынып, ыкчам издөө иштери башталган. Анын натыйжасында, 12-октябрда саат 15:00 чамасында өспүрүм кыз аман-эсен табылган. Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери атайын профилактикалык маек өткөрүшкөн соң, кызды ата-энесине тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM